Wy/ky/Башбарак

From Wikimedia Incubator
< Wy‎ | ky
Wy > ky > Башбарак
ачык дүйнөлүк жол көрсөткүч,
аны ар бир адам оңдоп-түзөй алат.
Долбоордо кыргызча 8 жол көрсөткүч бар.



Кыргызстанга саякаттайбыз

Таш-РабатОрто Азиядагы ири архитектуралык эстеликтердин бири. XV кылымда курулган. Ат-Башы кыш-нан 80 км Түштүк-чыгыш тарапта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км. Тимуриддер мамлекетинен Кытайга кеткен жолдогу бекемделген бул курулуш көпөстөр, элчилер жана миссионерлер түнөп өткөн кербен сарай деп болжолдонот. Т.-Р. архитектуралык көрүнүшү жагынан Wy/ky/Самаркан курулуштарына окшош. Бийиктиги 20 мдей. Тик бурчтуу формадагы 31 бөлмөдөн турат (алардын 20сы там чамгарак, 11и свод менен жабылган). Тышкы дубалынын калыңдыгы 1,80–2,20; 2,26–2,60 м, ички дубалыныкы 1,07ден 1,84 мге чейин. Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт: 1) 16,25ґ3,75 м болгон Борбордук коридор; 2) бөлмөлөр Борбордук коридордун оң, сол жагына орношкон; 3) 9,25ґ9,15 м келген Борбордук там чамгарак залы жана анын тегерегинде жайгашкан бөлмөлөр. Борбордук коридордогу 1–эшик аркылуу үч кароол үйүнө өтөт. Экинчи топто аткана бар. Таш-Рабаттын негизги фасады чыгышты карайт. .... калганын окуу


Чет жакка барабыз

Ло́ндон (англ. London [ˈlʌndən] (i)) – Улуу Британия Бириккен Падышалыгынын жана Түндүк Ирландиянын борбору, Англиядагы шаар. Административдик түрдө, церемониалдык Чоң Лондон жана Сити графтыктарынан турган, Чоң Лондон аймагын түзөт.
Калкы - 8,2 млн киши (2011 жыл), Евробиримдиктеги эң чоң шаар. Метрполитен чегинде 12 миллиондон жогору адам жашап, «Чоң Лондон» агломерацияны түзөт. Улуу Британия аралынын түштүк-чыгышында, Темза дарыясынын жээгинде, Түндүк деңизинен 80 км алыстыкта жайгашкан.
Нью-Йорк шаары менен дүйнөлүк алдыңкы каржы борбору наамы үчүн күрөшкөн, глобалдык шаарлардын бири. Дарыя жана деңиз порту; алты аэропорт; эң эски дүйнөдөгү метрополитен. 40тан ашык ЖОЖ (Жогорку Окуу Жайы) иштейт. Британ музейи жана дүйнөдөгү эң чоң Британ китепканасы орун алган.
Тарыхый борборун Орто Кылымдагы Тауэр чеби жайгашкан, Вестминстер жана Сити райондору түзөт. 1666 жылы өрттөн улам шаар катуу талкалоого учураган. 43 жылы римдиктердин Британияга жасаган кол салууларынан кийин, римдиктер менен Лондиниум аты менен түзүлгөн. XI—XII кылымдарда Англиянын борбор шаарына айланган. XVIII кылымдын башында Улуу Британиянын борбору жана Европанын эң чоң шаарына айланды. XVI кылымдан XX кылымга чейин Британ империясынын борбору болуп турду. 1825 жылдан 1925 жылдары дүйнөдөгү эң чоң шаар болгон. калганын окуу



Биздин жол көрсөткүчтөр

аймактык бөлүнүшүн ойлонуштурабыз

Саякатчылар үйү — катышуучулар өз ой-пикирлери менен бөлүшө ала турган, жардам сурап жана деги эле Уикисаякат тууралуу сүйлөшө ала турган жай. Бизге кирип кетиңиздер!


Уикисаякатка тилдер
বাংলাDeutschΕλληνικάEnglishEsperantoEspañolفارسیSuomiFrançaisעבריתहिन्दीItaliano日本語NederlandsPolskiپښتوPortuguêsRomânăРусскийၽႃႇသႃႇတႆးSvenskaTürkçeУкраїнськаTiếng Việt中文
тестирлөө:
العربية (1 052) • Azərbaycanca (88) • تورکجه (239) • Беларуская (73) • Български (54) • Català (29) • Česky (393) • Cymraeg (8) • Dansk (389) • Zazaki (1 309) • Eesti (13) • Euskara (28) • Magyar (59) • Հայերեն (78) • Bahasa Indonesia (1 544) • ქართული (191) • کھوار (10) • Қазақша‎ (7) • 한국어‎ (171) • Kurdî (1) • Latina‎ (4) • Latviešu (258) • മലയാളം (204) • मराठी‎ (15) • नेपाली (27) • සිංහල (87) • Slovenčina (13) • Shqip (6) • Српски / srpski (6) • தமிழ் (261) • తెలుగు (2) • Tagalog (4) • O‘zbekcha (23) • Vepsän kel' (9)